Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet115/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   312
Bog'liq
3 tom

Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
223
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адамды бийик сапаттарга, 
гуманизмге, жаратылышты сүйүүгө, улуттук көркөм нарктарды сактай 
билүүгө, урматтоого, сүйүүгө, эркиндикке, аруулукка, тазалыкка 
тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Учурда өсүп келе жаткан жаш муунду акыл-
эстик, адеп-ахлактык, дене-тарбиялык, эмгектик жана эстетикалык 
жетилүүсүнө көмөктөш болуу, алардын чыгармачылык өнүгүшүнө 
тийиштүү 
шарттарды 
түзүү, 
алардагы 
гумандуулук 
мамилени 
калыптандыруу, ар бир жеке билим тарбия алуучунун өз алдынчалуулугун 
эске алуу менен гармониялык өнүгүүсүн камсыз кылуу коом алдындагы 
кечиктирилгис милдет болуп келет. Адамды тарбиялоодогу коюлган 
проблема Чыңгыз Айтматовдун эң алгачкы аңгемесинен тартып учурдагы 
аалам, космос, адам тууралуу жазылган чыгармаларынын баарында 
камтылган. Адамдагы акыл-эстин калыптанышы аныкталган билимдерге 
ээ болуу, учурдун күрөө тамырын билүү эн жакшы касиет, бирок, адам, 
улут, эл адамзат коомунун бир бөлүгү болгон соң ошол өзү чыккан элдин 
улуттук өзгөчөлүгүн өзүнө алуу да адамдык бийик парасаттын бир 
белгиси. 
Адамды эмгекке атрбиялоо жүрөгү таза, келечек жыргалчылык үчүн 
жанын таштап күрөшкөн Дүйшөндүн, Алтынайдын, Толгонайдын, 
Султанмураттын, Эдигейдин образында ачык тартылат. Согуштун апаат 
күндөрүндө өздөрүн “Аксай десанты” атаган топ, андагы али жаш болсо да 
элдин камы үчүн жанын үрөп иштеп, фронтко өз салымын кошсом деген 
уландардын тагдыры, жеңиш үчүн керек десе жанын аябаган иш аракети 
жаш муундарды эмгектенүүгө чакырып, эмгек эресеге жеткирээрин 
тымызын айтып тургансыйт. Ал эми Алтынайдын образы билим тарбия 
алуудагы жигердүү эмгектенүүсү ак эмгектин ачык күзгүсү. Кеч күздө 
согончогун ташка алдырып, суукка тоңуп албан кыйынчылыктарды 
башынан кечирип, билим алып, илим казышы ага көмөкчү болгон 
Дүйшөндүн иш аракети, турмушунун өйдө-төмөнүндө мүдүрүлүп 
жыгылып, ак эмгектин натыйжасында турмуштук тажрыйбага ээ болуу 


Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
224
менен интеллектуалдык каарманга айланышы башкалар үчүн үлгү 
болоорунда шек жок. [8, 43-б] 
“Кыямат” романынындагы өзөктүү проблема бул наркомания. 
Учурдагы глобалдык проблемалардын бири болгон наркоманияга каршы 
азыртадан ойлонуп, ага карата иш аракеттерди азыртадан көрбөсөк 
адамзаттын келечегин туманданткан бул илдетке учурунда көңүл буруп, 
жаш муундарды андан алыс тарбиялоого үндөө идеясы көтөрүлөт.[2] 
Ошол идеяны жаш муундардын көңүл чордонуна коюп, ага карата 
жигердүү иш жургүзүү бүгүнкү күндүн негизги максаты. Мындай 
социалдык илдеттердин инсанды калыптандыруудагы терс таасирин, 
кемчилигин, кыргыздын тамырына чабылган балта сымал ордун автор өтө 
маанилүү маселе катары түшүндүргөн. 
“Тоолор кулаганда” романында да Айтматов «адам тагдыры» 
темасына басым жасаган. Чыгармадагы каармандар бүгүнкү күндүн 
адамдары. Чыгарма жарыялангандан кийин жазуучу массалык маалымат 
каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, бул 
романы жөнүндө: «Тоолор кулаганда» - бул менин жаңы эмгегим, жаңы 
сөзүм. Бул китеп азыркы доордогу ааламдашууну жана учурдагы биздин 
тагдырыбызды чагылдырат» -дейт. [1,217-б]. 
АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ 
1. Айтматов .Ч. «Биз дүйнөнү жаңыртабыз дүйнө бизди жаңыртат” 
.Ф.1988. 296-бет 
2. Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагы. – 8 томдук. – Б., 2014. 
3. Асаналиев К. Көркөм нарк.Ф.1988. 
4. Акматалиев.А. Аалам, адам жана Жаабарс Б., 2006,11-б 
5. Акматалиев А. Чингиз Айтматов: человек и вселенная. – Б.: 
Илим, 2013.–57-6
6. Асаналиев К. Движение во времени. – Фрунзе: Кыргызстан, 
1978. – 276-б. 
7. Ибраимов О. История кыргызской литературы ХХ века. – 
Бишкек: 2012. – Т.2. – с. 248. 
8.Муратов А. Ч.Айтматов – жазуучу педагог. –Б., 2006 
9. 
Тагаев 
Б. 
Ч. 
Айтматовдун 
чыгармачылыгындагы 
трагедиялуулук. -Б. 2005. – 152 б 


Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 

Download 6,64 Mb.
1   ...   111   112   113   114   115   116   117   118   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish