Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet114/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   110   111   112   113   114   115   116   117   ...   312
Bog'liq
3 tom

Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
221
менен адам жашоонун жакшы- жаманын таанып-билүүгө аргасыз дейт» [4, 
11-б] Залкар жазуучу адам рухий күчтүү, өзүнүн жашоо принциптерине 
туруктуу, эң негизгиси адам акыл эсти, жакшылыкты, тынчтыкты, 
гумандуулукту, адилеттүүлүктү, сабырдуулукту алып жүрүүсү зарыл 
деген. Чыңгыз Айтматов көп кырдуу жашоонун адиси катары өз 
чыгармаларын жараткан, реалдуу жашоодон четтеген эмес, тескерисинче 
адам проблемасы аалам бийиктигине чейинки аралыкта талданган. Негизги 
жашоо өзөгү –адам качан гана жогорку моралдык жана нравалык 
принциптеринин негизинде өз жашоосун кура алса, ал эми техникалык 
прогресс менен нравалык мамиле шайкеш келбесе, адамзат цивилизациясы 
ийгиликтүү өнүгө албайт. Анын окурмандарга калтырган белеги 
жакшылык, нравалуулук, толеранттуулук, жалпы адамдык улуу касиеттер, 
бабаларыбыз калтырган маданий баалуулуктарын сактоо, асыроо менен 
учурдагы ааламдашуу цивилизациясынын проблемаларына даяр болуп, 
туруштук берүү, ошондой эле артта калып калбоо. Кыйынчылыктарга 
карабастан адам болуп калуунун өзү чоң жетишкендик. Залкар жазуучунун 
пикирине ылайык “Адам үчүн күндө адам болуу баарынан кыйын”. 
Мисалы,“Ак кеме” повестинде Бугу-Эне жөнүндөгү миф менен эс тарткан 
бала таятасынын өзү ыйык туткан маралдарды атканын көргөндөн кийин 
ага ишеничи жоголгонун көрөбүз. [2] Момун чал канчалык адилеттүүлүктү 
көкүрөгүндө жактап турса да, чыгарманын финалында ал бүтүндөй 
психологиялык жактан өтө татаал сыноого кептелип, өзүнүн нравалык 
принциптеринен таят. Мына ушундай чоңдордун дүйнөсүндө ата-энесинен 
тирүүлөй жетим калган баланын тагдыры чыгарманын аягында 
трагедиялуу чечилишке ээ болот. Чоңдордун жасаган ишинен 
психологиялык жактан өтө оор жаракат алган баланын мындан башка 
аргасы калбайт. Өзүнүн идеалы болгон Бугу-Эненин кор болуп 
тебеленгенин көргөн бала ата мээримин, ата сыймыгын эңсөөдөн улам 
кыялында өзү жаратып алган экинчи идеалы Ак кемеге балык болуп сүзүп 
кетүүнү жападан жалгыз жол катары тандап алды. Окурманды ойго салган 
негизги маселе – баланын “Адамдар арасында” жашагысы келбей “балык 


Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
222
болуп” сүзүп кетүүсү ошондой эле экология, адеп-ахлак проблемасы менен 
катар адам эркиндигине карата коомдук кысымдын катышын байкоого 
болот. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Момун чал адамдык 
касиетинин тайышы, анын небересинин көз алдында баркын түшүрүп, 
башка дүйнөнү тандашына негиз болуп калды. “Ак кеме” повестинде адам 
деген атка татыктуу болуу жана аны сыйлай, баалай билүү, башка адамдын 
инсандык беделине шек келтирбөө, адам менен табияттын ортосундагы 
мамиле тууралуу жалпы адамзаттык маанайда, философиялуу ой 
камтылган. 
Ал эми «Саманчынын жолу» чыгармасында башкы каарман 
Толгонайдын улуу адам экендигин баяндайт. Бирдей бой жетип, эл 
керегине жараган үч уулунан жана өмүрлүк жолдошунан ажыраган АЯЛ, 
ЭНЕ башка түшкөн мүшкүлгө мүнкүрөбөй белин бекем бууп өз кызматын 
аркалайт. Башка бирөөнүн тукуму болсо да жерибей, адамзаттын тукуму 
уланат деп, неберем деп чонойтуп, адамгерчилик сапатты даназалайт. 
Чыгармада дапдайын көрүнүп тургандай, эн башкысы социалдык 
катаклизм –согуш, адам баласын курут кыла албашына ишеним менен 
карап, жашоо улайт. Адамзат жаралып, кайра өлөт экен. Карап көрсөк 
алмустактан бери өкүм сүрүп келген бул көрүнүш философиядагы башкы 
маселелердин бири. Бири өлүп, анын орду экинчиси менен толукталып, 
жашоо, адам тукуму улана берээри чыгармада көркөм сөз менен 
баяндалган. Кээ бири адам аты болгону менен эмне деп жашаганын 
түшнүп-түшүнбөй өтсө, айрымдары Толгонай сыяктуу тарыхта өз атын 
өлбөс – өчпөс кылып калтырат. [2] 
Ал эми “Дениз бойлой жорткон ала дөбөт” повестинде алыскы 
Охотск денизинин жээгиндеги нивх элинин турмушу сүрөттөлгөн. 
Чыгарманын негизги идеясы деңизде улуу туманда калган аңчылардын 
адамдык улуулугу. [2] Повесттин башкы каармандары жаратылыш 
стихиясын өзүлөрүнүн бийик адамгерчилик сапаты менен жеңип чыгышат 
да келечек муундун өкүлү Крисми тирүү калып жашоо уланат. 



Download 6,64 Mb.
1   ...   110   111   112   113   114   115   116   117   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish