АДАМЗАТТЫК ЖАНА ИНСАНДЫК БААЛУУЛУКТАР




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet113/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   109   110   111   112   113   114   115   116   ...   312
Bog'liq
3 tom

219
АДАМЗАТТЫК ЖАНА ИНСАНДЫК БААЛУУЛУКТАР 
(Ч. Айтматовдун чыгармаларынын мисалында) 
Адышева Назгүл Кабылбековна 
 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-ϴзбек эл аралык университети, тарых 
жана философия кафедрасынын окутуучусу
Инсанды ар тараптан жана гармониялуу тарбиялоонун негизги 
бөлүгү – эмгекке тарбиялоо. Кыргыз элин ааламга тааныткан улуу инсан 
Айтматов чыгармалары менен жаш муунду деги эле жумурай журтту 
нравалуулукка тарбиялай турган идеялары менен эсибизде калды. 
Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзүнүн жашап 
өткөн өмүрүндө патриотизмге, гуманизмге, толеранттуулукка жана 
оптимизмге жык толгон чыгармаларды жараткандыгы жалпыга белгилүү. 
Анын чыгармалары көптөгөн тилге которулуп, дүйнө элине тараган. 
Демек, бул жазуучу көтөргөн проблемалардын актуалдуулугунан, анын 
талантынын дүйнөлүк деңгээлинен кабар берет. Чыңгыз Айтматовдун 
чыгармачылыгына мүнөздүү өзгөчөлүк фольклор, терең философиялык ой 
толгоолор, адам жана анын тегерегиндеги нравалык-этикалык маселелер. 
Улуу замандашыбыз — дүйнөлүк масштабдагы жазуучу, кыргыз 
элинин залкар адамы Ч.Айтматов көп кырдуу чыгармачылыгында 
дүйнөлүк адабияттагы жаңы багытты ачып, анда элдик даанышмандык, 
адам улуулугу, акыл эс сыяктуу баалуулуктарды философиялык жана 
психологиялык өңүттөн изилдөөгө алды. Анын чыгармаларында улуттук 
өзгөчөлүк, учурдун актуалдуу көйгөйлөрү, адамдын рухий жана адептик 
касиеттери, акыйкат жана адилеттүүлүк маселелери башкы орунда турат. 
ХХ кылымдын улуу жазуучусу, маданияттын сактоочусу жана 
гуманизмдин чечкиндүү коргоочусу болуу менен ал дүйнөлүк адабиятты 
арттырып жана биздин мекенибиз — Кыргызстандын образын адамзаттын 
руханий кенчине айландырган, дүйнөдө биринчилерден болуп маданий 
дөөлөттөрдү сактап калуунун жана кыргыз тилин жана өз маданиятын 
кайра жаратуунун зарылдыгы жөнүндө айтып чыккан. 


Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
220
Чыңгыз Айтматовдун өмүрү - анын жазган чыгармалары менен 
тамырлаш, тагдырлаш. Жазуучунун өмүр жолу алгач саясий тоталитардык 
режимдин каардуу күндөрүнөн башталып, Улуу Ата Мекендик согуш 
мезгили, андан соң советтик ураалаган доор, эгемендүүлүк жылдар жана 
жыйырма биринчи кылымдагы өнүгүүнүн космостук деңгээлге чыккан 
глобалдашуу мезгилдеринен туш келди. Буга ылайык ар бир коомдук учур 
Айтматовдун 
чыгармаларында 
көркөм-философиялык 
аспектиде 
чагылдырылып келди. Ал эми ааламдашуу доорунда өкүм сүрүп келе 
жаткан жетишкендиктер жана көйгөйлөр Айтматовдун көркөм дүйнөсүнүн 
предметине айланды. Адамзаттын Рух ааламынын жардыланышы, 
дүйнөдөгү социалдык-экономикалык ири кыйроолор Ч.Айтматовдун көз 
алдында өтүп, жан-дүйнөсүнө тынчтык бербей жашады. Өзү жашап жаткан 
мезгилдин кубанычы менен кайгысы, жыргалы менен азабын жазуучу аң-
сезимдүү туя билип, «коомдук илдеттерди» чыгармаларында чагылдырып, 
окурмандарга ар тараптуу ачып берди. [9, 151-б] 
XX кылымдагы социалдык катаклизмдерди, согуштун каарын, 
социалдык турмуштагы катаал чындыкты көркөм аңдоого умтулган, 
философиялык, нравалык- этикалык, экологиялык глобалдык маселелерди 
кабыргасынан койгон дүйнөлүк жазуучу өз чыгармаларында аалам жана 
адам, адам жана табигат, жеке адамдын тагдыры жана идеология өңдүү 
маселелер камтылып, ал маселелер тарыхтын жана адам тагдыры аркылуу 
көркөм иликтөөгө алган. Философиядагы адам проблемасы Ч.Айтматовдун 
чыгармаларында башкы орунда. Адамдын жашоодогу орду, ыйманы, 
турмуштагы карама-каршылыктары, дегеле тагдыр деген эмне, анын 
мааниси кандай суроолору орошон ойчулду түйшөлдүрүп, ага 
чыгармаларында жооп издейт. Бул тууралуу белгилүү окумуштуу 
А.Акматалиев: “Тагдыр бир чети адам баласынын бешенесине жазылган, 
адамдык табияты менен бирге бүткөн жазуу болсо, экинчиден ошол 
жазылган тагдырын өмүрүндө ардактап, барктап алуу, ага этият мамиле 
кылуу жеке адамдын акылынан, үчүнчүдөн тагдыр аны курчап турган 
чөйрөгө да тыгыз байланыштуу болот эмеспи. Таксыр тагдырдын буйругу 



Download 6,64 Mb.
1   ...   109   110   111   112   113   114   115   116   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



АДАМЗАТТЫК ЖАНА ИНСАНДЫК БААЛУУЛУКТАР

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish