• Адабияттар
  • Mas’ul muharrirlar: Olimjon Tojiyev




    Download 3,62 Mb.
    Pdf ko'rish
    bet213/219
    Sana19.01.2024
    Hajmi3,62 Mb.
    #140785
    1   ...   209   210   211   212   213   214   215   216   ...   219
    китобда-китобдан.
    Ѳзбек тилинде жѳндѳлүш кең мааниде алганда, атооч сѳздѳрдѳгү сѳз 
    ѳзгѳрүшүн билдирет. Ошол мааниде атоочтордун таандык мүчѳлѳрдү кабыл 
    алып ѳзгѳрүшүн да жѳндѳлүш деп атоого болот. Жѳндѳлүш типтери 
    флективдүү жана агглютинативдүү тилдердин морфологиясынын негизги 
    составдуу бѳлүгү болуп саналат. Жѳндѳлүш системасы ар бир тилде ар башка, 
    бир кылка эмес. Мисалы, жѳндѳмѳлѳр, жѳндѳлүш типтери жана сан жагынан 
    да ар башкача. Ошону менен бирге тилдердин тарыхый ѳнүгүшү да ѳзгѳрүп 
    турат. 
    Ѳзбек тилинде ар бир жѳндѳмѳ бир канча маанини туюнтат. Ошого 
    карай кайсы бир жѳндѳмѳдѳгү сѳз сүйлѳмдѳ ар башка сүйлѳм мүчѳсүнүн 
    милдетин аткарат. Бирок жѳндѳмѳ маанилеринен бири «асосий» (негизги) 
    болуп, жѳндѳмѳ ошол негизги мааниге карай аталат. Жѳндѳмѳлѳр боюнча 
    жѳндѳлүш, негизинен, атоочту этиш менен, атоочту атооч менен 
    грамматикалык жактан байланышын кѳрсѳтүп турат[3.63]. 
    Ѳзбек тилинде жѳндѳлүш кең мааниде алганда, атооч сѳздѳрдѳгү сѳз 
    ѳзгѳрүшүн билдирет. Ошол мааниде атоочтордун таандык мүчѳлѳрдү кабыл 
    алып ѳзгѳрүшүн да жѳндѳлүш деп атоого болот. 
    Адабияттар: 
    1. 
    Азыркы кыргыз адабий тили. Ч.Айтматов атындагы Тил жана 
    адабият институту. Бишкек – 2009. 
    2. 
    Турсунов А. Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. 
    Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттерине 
    арналган окуу китеби. -Фрунзе, 1964. 
    3. 
    Erkaboyeva N. O‘zbek tilidan ma’ruzalar to‘plami. “Akademnashr”, 
    Toshkent-2013. 
     
     
     


    Tilshunoslikdagi zamonaviy yo

    nalishlar: muammo va yechimlar
    377 
     
    КЫРГЫЗ ЖАНА ѲЗБЕК ТИЛДЕРИНДЕ СЫН АТООЧТУН (СИФАТ) 
    ЖАСАЛЫШ ѲЗГѲЧѲЛҮКТѲРҮ 
     
    Абдурахмонов Исломбек 
    талаба 
    Андижон давлат университети 
    Бизге белгилүү кыргыз жана ѳзбек тилдери түрк тилдеринин тобуна 
    кирет. Бул эки тилдин ээлеринин маданияты, үрп-адаты, каада-салттары, 
    жашоо-тиричилиги жагынан гана эмес, сүйлѳгѳн тили жагынан да бири-
    бирине жакын турат. Ошондой болсо да эки тилдин грамматикалык жактан 
    жеке жана жалпы белгилери бар. Мына ушул жекече жана жалпы белгилерди 
    аныктоо максатында кыргыз жана ѳзбек тилдериндеги сын атоочтордун 
    жасалыш ѳзгѳчѳлүктѳрүн талдоого алдык. 
    Кыргыз тилинде сын атоочтор эки түрдүү жол менен морфологиялык 
    жана синтаксистик жолдор менен жасалат. 
    Морфологиялык жол менен сын атоочту жасоочу мүчѳлѳрдүн жардамы 
    аркылуу жасалат: -луу-балалуу, -сыз – суусуз, -дай – кагаздай, -гы, -кы – жазгы, 
    кышкы, -чыл – уйкучул, -лык-айлык, -лаш – сырдаш, -чан – суукчан, -дак – 
    таштак, -мер – ишмер, -кор – сүткор, -кѳй – амалкѳй, -дар – карыздар, -кел, -
    саак – эткел, баласаак. 
    Тутумунда фарсы тилинен кирген –бей, -на мүчѳлѳрү жана –ий, -ый 
    мүчѳсү аркылуу жасалган сѳздѳр да сын атоочтук мааниге ээ: бейтааныш, 
    натуура, тарыхый, маданий ж.б. 
    Ѳзбек тилинде сифат (сын атоочтор) сѳз түркүмү да эки жол менен 
    жасалат: морфологиялык жана синтаксистик. 
    Морфологиялык жол менен тѳмѳнкүдѳй жолдор аркылуу жасалат: 
    исмдан (атоочтон) жана феъл (этиш) сѳздѳрдѳн. 
    Исмдан сифат ясовчи аффикслар (атоочтон сын атооч жасоочу 
    мучѳлѳр) . Ѳзбек тилинде тѳмѳнкү мүчѳлѳр исмдан (зат атоочтон) сифат (сын 
    атооч) жасайт: -ли, -сер, -дор, -сиз, но-, -чан, -ма, -ий (-вий). 
    -ли (кыргызча -луу): болали (балалуу), сувли (суулуу), тузли (туздуу), 
    қошли (каштуу), ишли (иштүү); 
    -сер (кыргызча кѳп дегенди туюнтат –луу мүчѳсүнѳ мааниси жакын 
    келет): серхосил (ѳнүмдүү), серсув (суулуу, ширелүү), сердавлат (малдуу), 
    серсоқол (сакалдуу). 


    Tilshunoslikdagi zamonaviy yo

    nalishlar: muammo va yechimlar
    378 
    -дор (бул мүчѳ да кыргыз тилиндеги –луу мүчѳсүнѳ синонимдеш келет): 
    хосилдор (мѳмѳлүү, мѳмѳгѳ бай), унумдор (ѳнүмдүү, ѳнүмгѳ бай), маънодор 
    (маанилүү, мааниге бай). 
    -сиз (-сыз): боласиз (баласыз), кучсиз (күчсүз), юзсиз (жүзсүз), сувсиз 
    (суусуз), тузсиз (тузсуз). 
    -но (на-): нотаниш (кыргыз тилинде бейтааныш, тааныш эмес), нотўғри 
    (натуура), номуносиб (ылайык эмес). 
    -чан (-чан): иссиқчан (ысыкчан), савуқчан (суукчан), отчан (атчан). 
    -ий (-вий) (кыргызча -ий, -ый): тарихий (тарыхый), тарбиявий (кыргыз 
    тилинде бул сѳз тарбиялык дегенди билдирет), маданий (маданий). 
    Бул мүчѳлѳр аркылуу туюнтулган сѳздѳр белгиге таандык экендигин 
    билдирет. Ал эми бул мүчѳлѳр (-манд мүчѳсүнѳн сырткары) туюнткан белгиге 
    таандык эместикти билдирүүчү –но, -сиз, бе- мүчѳлѳрү менен карама-каршы 
    мааниде келет [3.125]. Мисалы: сувли (суулуу), серунум (ѳнүмдүү), бадавлат 
    (мал-мүлктүү). 
    -ги (-ки) мүчѳсү мезгилди билдирүүчү атооч сѳздѳргѳ кошулуп мезгилге 
    таандык белгини билдирет: ёзги (жазгы), кузги (күзгү), қишки (кышкы). 
    -симон (сымал, сыяктуу деген мааниге туура келет): бул мүчѳ окшоштук 
    белгини туюнтат: ёйсимон (жаа сымал), ҳалқасимон (айлана сыяктуу). 
    -ий (-ий, -ый): бул мүчѳсү хослик (мүнѳздүүлүк) белгини билдирүүчү 
    сын атоочторду жасайт: илмий (илимий), тарихий (тарыхый). 
    Ал эми –ик, -иқ, -ук, -кин, -гин, -қин, -гун, -ғун, -гир, -кир, -ғир мүчѳлѳрү 
    айрым этиштик уңгуларга кошулуп, сын атоочту жасайт: синиқ (сынык), бузуқ 
    (бузук), йиртиқ (жыртык), пишиқ (бышык), очиқ (ачык), ёпиқ (жабык), кескин 
    (кескин), тошқин (ташкын), тушкун (түшкүн), сўлғин (солгун), сезгир (сезгир), 
    олғир (алгыр) ж.б. 
    -ба, бо-, сер-, но- мүчѳлѳрү ѳзбек тилине фарс-тажик тилинен кирген 
    жана алар уңгудан кийин эмес, уңгунун алдына кошулуп айтылат. 
    Ошондуктан мындай мүчѳлѳр олд (алды) мүчѳлѳр деп аталат [3.125]. Мисалы: 
    баобрў (обройлуу), серхосил (ѳнүмдүү), нотўғри (натуура). 
    Кыргыз тилинде синтаксистик жол менен кош жана кошмок сын 
    атоочтор жасалат. 
    Кош сын атоочтор: эстүү-баштуу (эсли-хушли), улуу-кичүү (катта-
    кичик), ак-кара (оқ-қора). 
    Кошмок сын атоочтор: кара күрѳң (қоракулранг), кара тору (қоратўри), 
    жашыл ала (ола яшил), кара кашка (қора қашқа), ак кѳңүл (оқкўнгил). 
    Ал эми ѳзбек тилинде да кыргыз тилиндеги сыяктуу синтаксистик жол 
    менен қўшма (кошмок) жана жуфт (кош) жана кыргыз тилинде жок такрорий 
    (кайталанма) сын атоочтор жасалат. 


    Tilshunoslikdagi zamonaviy yo

    nalishlar: muammo va yechimlar
    379 
    Ѳзбек тилинде қўшма (кошмок) сын атоочтор эки же андан ашык сѳздѳн 
    түзүлѳт жана кошулуп жазылат: эрксевар, очкўз, кулранг, мехмондўст, 
    девқомат, шерюрак, ширинсухан, оқкўнгил, софдил, жонкуяр ж.б. Ал эми 
    кыргыз тилинде мындай сын атоочто бѳлѳк жазылат: ач кѳз, ак кѳңүл, ширин 
    сѳз, таза дил, кара каш, ак пейил ж.б.у.с. 
    Ѳзбек тилинде зат жана буюмду башка бир нерсе, буюмга салыштыруу, 
    окшоштуруу жолу менен туюнтулган сын атоочтор бирге жазылат: шерюрак, 
    бодомқовоқ, қуёнюрак, девқомат, қирғийкўз. 
    Ѳзбек тилине орус тилинен калька жолу менен сѳзмѳ-сѳз котору аркылуу 
    пайда болгон кошмок сын атоочтор бирге жазылат: яримавтомат, 
    байрамолди, сувости. 
    Составында ним, ярим, ғайри, умум, аро, ранг, хуш, боп сыяктуу сѳздѳрү 
    бар кошмок сын атоочтор бирге жазылат: нимпушти, ғайритабиий, 
    умумбашарий, умумхалқ, халқаро, кулранг, хушбичим, хаммабоп. 
    Қўшма (кошмок) сын атоочтордун составы тѳмѳнкүдѳй болот: 
    1) от+от (зат атооч+зат атооч): тошбағир (таш боор); 
    2) сифат+от (сын+зат): софдил (ак кѳңүл); 
    3) равиш+от (тактооч+зат): хозиржавоб (тез жооп); 
    4) олмош+от (ат атооч+зат): умумжахон (жалпы дүйнѳлүк), умумхалқ 
    (жалпы элдик); 
    5) от+феъл (зат+этиш): тинчликсевар (тынчтык сүйүүчү, жактоочу деген 
    мааниде); 
    6) равиш+феъл (тактооч+этиш): тезюрар (тез жүрѳр), эртапишар (эрте 
    бышар); 
    7) сон+феъл (сан+этиш):бешотар (беш атар). 
    Жуфт (кош) сын атоочтор ѳз ара жакын же карама-каршы маанилүү 
    уңгунун кош келишинен пайда болот: катта-кичик (чоң-кичине), баланд-паст 
    (бийик-жапыз). 
    Кыргыз тилинде кош сын атоочтордун компоненттери дефис (-) менен 
    жазылат: ѳңдүү-түстүү, кызыл-тазыл, ак-кара, узун-кыска, чоң-кичине ж.б. 
    Ал эми ѳзбек тилинде такрорий (кайталанма) сын атоочтор да кезигет. 
    Кыргыз тилинде бул сын атоочтор атайын бѳлүнгѳн эмес, алар кош сын 
    атоочтордун составында үйрѳнүлѳт. 

    Download 3,62 Mb.
    1   ...   209   210   211   212   213   214   215   216   ...   219




    Download 3,62 Mb.
    Pdf ko'rish