Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet135/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   131   132   133   134   135   136   137   138   ...   312
Bog'liq
3 tom

Негизги бөлүм.
Чыгыш классиктеринин өмүрү, чыгармачылыгын 
окутуу үчүн мектеп программасында болгону 8 саат каралган. Алсак, 7-
класста Н.Хикметтин поэтикалык ойлору салмактуу, таамай жана 
таасирдүү болгон, андагы лирикалык каармандын эркиндикке умтулуусу, 
күрөшү менен адам рухунун күчүн баяндаган «Пенденин макулуктай бир 
түркөйү», «Керээз», «Мажүрүм тал», «Мемедке соңку кат» чыгармаларын 
окутууга 2 саат, М.Жалилдин өткөн тарыхты, андагы саясий маселелерди 
жана окуяларды, элдин жашоо-турмушун сүрөттөгөн «Алман элинде», 
«Ишенбе», «Эрк», «Айрылуу», «Ачынуу саптары», «Кул», «Доско», 
«Белегим» аттуу чыгармаларын окутуу үчүн 3 саат, Р.Гамзатовдун Ата 
Мекени, эли-жери, эне тили, балалыгын жана өз өлкөсүнүн тагдырын 
баяндаган автобиографиялык таризде жазылган «Менин Дагестаным» 
чыгармасын окутууга 3 саат каралган [1, 17-б.].
Аталган акындардын өмүрү жана чыгармачылыгын окутууга 
каралган программалык саат өлчөмүнүн аздыгы, алардын адабий 
мурастарын окутууга арналган методикалык колдонмонун саналуу гана 
экендиги, деги эле чыгыш адабиятын окутууга арналган атайын 
изилдөөнүн аздыгы – адабият сабагын өтүүдө мугалимдердин ишине 
билинбеген 
менен 
кыйла 
тоскоолдуктарды 
жаратат 
десек 


Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
263
жаңылышпайбыз. 
Демек, 
мындай 
методикалык 
колдонмолорго 
мугалимдер муктаж болуп турган чакта, биздин изилдөөбүз кандайдыр бир 
деңгээлде жардамга келет деген ойдобуз. Бул маселе тандалып алынган 
теманын актуалдуулугун дагы бир ирет тастыктап турат.
Кыргыз элинин көркөм-эстетикалык баалуулуктарын мектеп 
окуучуларына жеткирүү, «Манас» эпосу башында турган көөнө тарыхты 
боюна 
сиңирген 
оозеки 
чыгармачылыксыз, 
кыргыз 
адабий 
чыгармачылыгында өзгөчө орунда турган акын-жазуучулардын, ошону 
менен катар боордош элдердин, чыгыш жана батыш элдеринин акындык-
жазуучулук дүйнө таанымын окутпай туруп жаштарга адабий-эстетикалык 
билим берүүнү уюштуруу мүмкүн эмес. Дегенибиз, кыргыз элинин 
эпикалык мурастарын («Манас» үчилтиги, кенже эпостор, элдик жомоктор, 
Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, А.Осмонов, Т.Үмөталиев, А.Токомбаев, 
Т.Сыдыкбеков ж.б.), түрк элдеринин орток мурастарын (Ж.Баласагын, 
М.Кашгари), орус турмушунун реалдуу картиналарын сүрөттөгөн орус 
элинин классик акын-жазуучуларынын чыгармаларын (А.С.Пушкин, 
А.П.Чехов, Тургенев, Крылов ж.б.), чыгыш элинин өкүлдөрүнүн 
чыгармаларын (Ш.Руставели, Г.Низами, М.Саади, Н.Хикмет, М.Жалил, 
Р.Гамзатов) окутуу менен окуучулардагы улуттук руханий көрөңгөнү 
толуктоо менен, келечектин ээси болгон жаш муунду өз өлкөсүнүн 
мекенчил атуулдарынан болушуна чакырык салып, алардын адабий ой 
жүгүртүүсүнүн ар тараптуу жана туура жетилишине кам көргөн болобуз. 
Демек, жогорудагы саналып өткөн акындардын, анын ичинде чыгыш 
классикалык адабиятынын бараандуу өкүлдөрү деп эсептелген Н.Хикмет, 
М.Жалил, 
Р.Гамзатовдордун 
чыгармаларын 
окутуунун 
илимий-
методикалык негиздерин түзүү бул багыттагы иштерди толук 
аткаргандыкты айкындайт. 
Кыргыз адабиятын окутууда алдыга койгон максаттарына жана 
сабактын натыйжалуулугун арттырууга жетишүү үчүн мугалим сабакта 
дидактикалык принциптерди пайдаланат. Дидактика – мектептерде окутуу 
теориясынын белгилөөчү педагогика илиминин негизги бир бөлүгү, 
ошондуктан анын принциби окутуунун, тарбиялоонун негизги жоболору 
болуп саналат. Мугалим аталган теманы түшүндүрүп жатканда негизги 



Download 6,64 Mb.
1   ...   131   132   133   134   135   136   137   138   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish