Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet136/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   132   133   134   135   136   137   138   139   ...   312
Bog'liq
3 tom

Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
264
принциптерин өз орду менен колдоно алууга тийиш. Ал окутууда жана 
тарбиялоодо колдонулуучу төмөнкү прнциптерди өз ара ажырата билүүсү 
керек: биринчиси – «жалпы дидактикалык принцип». Бул принципти 
бардык сабактарда пайдаланат, окуу материалдарынын мүнөзүнө жараша 
ар бир учурда ар башка болушу мүмкүн. Экинчиси – «жеке предметке 
таандык принцип», ал бир гана предметке, башкача айтканда, кыргыз 
адабияты сабагына тиешелүү чечилет. 
Жалпы дидактикалык принципке төмөндөгүлөр кирет: окутуунун 
илимийлүүлүк, ырааттуулук, системалуулук принциби; теория менен 
практиканын байланыштуулук принциби; кыргыз адабияты сабагынын 
бөлүмдөрүнүн өз ара байланыштыруу принциби; көрсөтмөлүүлүк 
принциби; жеткиликтүүлүк принциби; окуучуларга жеке мамиле кылуу 
принциби. Бул бири-бирине шартталган, бирок бири-биринен ажыраган 
принциптерден эмес, алардын ар бирине өз алдынча ар башка максаттар 
коюлат. Методика – бул жалпы педагогика илиминин бир тармагы, анын 
өзүнө мүнөздүү мазмуну, системасы, методдору, принциптери, 
өзгөчөлүктөрү бар. Ал мына мындай суроолорго жооп берүүгө тийиш: 
эмнеге окутуу керек? кантип окутуу керек? эмне үчүн окутуу керек?
Мына ушундай жагдайдан улам, мектеп шартында, алды менен окуу 
китеби менен программада каралган маселелер, илимий-теориялык 
маалыматтар жөнөкөйлөштүрүлүп берилиши зарыл.
Окутуу методдорун тандоо критерийлерин Э.Мамбетакунов 
төмөндөгүчө белгилеген: методдун окутуунун мыйзам ченемдерине жана 
принциптерине ылайык келиши; окутуунун максатына жана милдеттерине 
ылайык келиши; өтүлүүчү теманын мазмунуна ылайык келиши; 
окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө туура 
келиши; белгиленген убакытка жана анын шарттарына туура келиши; 
методдун тиешелүү илимий-изилдөө методуна шайкеш келиши; 
мугалимдин мүмкүнчүлүктөрүнө туура келиши [2, 117-б.]. 
Кийинки учурларда мектеп практикасында кеңири колдонула 
баштаган сынчыл ойломду өнүктүрүүдөгү окуу жана жазуу, глобалдык 
билим берүү, инсанга багыттап окутуу, инклюзивдик билим берүү сыяктуу 


Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
265
инновациялык окутууга негизделген билим берүүнүн натыйжалуулугу, 
практикада колдонулушу, ийгиликке жетишүүнүн сырлары, окуучулардын 
да мындай сабактарга кызыгуулары жогорулугу жөнүндө мектеп 
мугалимдери кеңири айтып келишет. 
Кыргыз адабиятын окутууда 7-класста чыгыш адабий мурастарынан 
лирикалык чыгармаларга көбүрөөк орун берилген. Белгилүү болгондой, 
адабиятты окутууда үйрөнүлүүчү чыгармалардын жанрына, тегине,
түрүнө карата мамиле кылуу зарылдыгы келип чыгат. 
Чыгыш адабиятын окутууда текст менен иштөө окутуунун 
натыйжалуулугун арттырарын белгилейбиз. Көркөм текст менен иштөөнүн 
башкы жолу – аны интерпретациялоо. Көркөм чыгарманын тексттин 
интерпретациялоо аркылуу биринчи кезекте ошол чыгарманын идеялык-
тематикалык тереңдиги, көркөм-эстетикалык сапаты ачылат; экинчиден, 
ошол конкреттүү чыгарма конкреттүү автордун чыгармачылыгында, 
жалпы бир элдин адабий процессинин контекстинде турган орду байкалат; 
үчүнчүдөн, текст максаттагыдай талданса, ошол процесстин өзүндө 
сүрөткердин инсандык сапаттары көрүнөт; төртүнчүдөн, чыгармага 
текстологиялык талдоо жүргүзүү менен окуучу көркөм чыгарма жазуунун 
сырларын үйрөнөт; бешинчиден, адабий талдоо сабак процессинин 
кызыктуу, жандуу өтүшүнө шарт түзөт, алтынчыдан, интерпретация 
жүргүзүү сөздөн качып, практикалык ишке жетишүүгө жардам берет. 
Окуу процессинде көркөм текстти интерпретациялоо көндүмгө 
айланган традициялуу сабактын инерциясынан оолактап, сабак-лекция, 
сабак-информация, жомок-сабак, сабак-инсценировка сыяктуу сабактын 
жаңы формаларын, адабият сабагынын искусствонун жана илимдин башка 
түрлөрү менен байланышын, окуучулардын чыгармачылыгын талап кылат. 
Текстти интерпретациялоодо көңүл буруучу нерселер – сөздүн маанисин 
түшүнүү, көркөм деталдарын аңдаштыруу, баяндоодон, сүрөттөөдөн 
образга өтүү. Адабият мугалими көркөм адабият аркылуу окуучулардын 
ыймандык сапатын өнүктүрүп, коомдук таанып билүүсүн жогорулатып, 
сезимдерин калыптандырууга тийиш, адабият сабагынан балдар рухий 
дүйнөлөрүн байытат. Мына ушундай негизги милдеттер – көркөм 
чыгарманы интерпретациялоо аркылуу ишке ашат. 



Download 6,64 Mb.
1   ...   132   133   134   135   136   137   138   139   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish