Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
269
Саади Ширазинин (толук аты-жөнү:
Муслихаддин Абу Мухаммед
Абдаллах) фарс тилинде, араб тилинде жазгандыгын, дербиш болуп дүйнө
кезип, Багдадда окуп, бир нече жолу Меккеде болуп, дүйнө жүзүн
кыдырып, эл турмушун үйрөнүү менен катар илим-билим жыйнаганын,
ошондой эле Чыгыш Түркстанда, Индияда, Арабияда, Иранда, Сирияда
жана башка дүйнөнүн көп жерлеринде болгондугу тууралуу маалыматтар
тарыхта жазылып калып, алар бүгүнкү биздин күндөргө чейин келип
жеткендигинен кабардар болушат.
Андан тышкары, окуучулар дүйнөлүк картадан Саади барган
мамлекеттерди
таап,
алардын
картадагы
жайгашуу
тартибин
өздөштүрүшсө болот. Бул болсо адабият
менен география сабагынын
айкалыша окутуу маселесине барып такалат. Саади падышалардын
турмушу тууралуу баяндаган философиялык-дидактикалык үлгү-насыят
(притча) таризиндеги «Гүлстан», «Саади-наме» деген ырларын жаратып,
элдин урматына ээ болуп, зоболосу көтөрүлгөндүгүнөн кабардар болгон
окуучу – бүгүнкү күндүн талабы болгон, «эл-жерди таанып, саякат жасоо»
деген кыялды ишке ашырууну максат кылышат. Саадинин «Гүлстан»
чыгармасындагы 6-масалдагы кыскача окуя жөнүндө мугалим баяндап
берет:
Бул аңгемеден кийин мугалим окуучулардан өз ойлорун ортого
салууну сунуштайт да, андан соң айтылган ойлорду талдоого алышат.
Саякат жасоодогу талаптарды санап, андагы шарттарды колдонуп,
жаратылыш менен адамдын мамилесин аңдап билүүгө үйрөнүшөт.
Мындан улам, окуучу «саякат» деген сөздүн тегерегинде ойлонуп,
коомдогу жаңылануу шарапатынын таасири аркылуу башка элдердин
маданияты менен искусствосуна, тарыхый окуяларына, археологиялык
казууларына кызыгып, алардын баскан изин баалоо менен катар өз
мекенинин башынан өткөргөнүн, тарыхын өз алдынча изилдөөгө алышы
толук мүмкүн. Аталган максатты көздөп, түрдүү адабияттарды окуп
чыгышы, анда берилген маалыматтардын жиктелишин, тарыхыйлуулугун,
пайдалуулугун жана өз элинин тарыхында болуп өткөндөр менен
салыштыруусу – өз аракетинин жана мугалимдин тиешелүү деңгээлде
багыт беришине шартталат. Бул жерде мугалим фасилитатор, башкача
Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
270
айтканда, жөн гана багыт берүүчү болуп саналат. Мындай кырдаалдарды
жеңилдетүүдө – интеграцияланган сабак жардамга келет. Ал эми
предметтер аралык интеграция – аңдап-түшүнүүдөн келип чыккан
жыйынтыктарды, алган билимдерди, такталга н ишенимдерди жана
практикалык аракеттерди бириктирүү болуп саналат.
Албетте, интеграцияланган сабакты окуучулардын бардыгы эле
толук өздөштүрө албашы мүмкүн. Ал үчүн окуучуда жөндөм,
ишмердүүлүк болушу кажет. Себеби кээ бир окуучулардын аң-
сезимдерине окутуунун бул түрү кечирээк таасир этиши мүмкүн.
Окуучунун жаш курагы эске алынып, психологиялык багытта иш алып
баруу сунушталат. Орустун көрүнүктүү психологу А.Н.Леонтьев жалпы
маанидеги ишмердүүлүк деп баланын же окуучунун, адамдын кандайдыр
бир предметке багытталган иш-аракетин түшүнгөн. [6, 104-б.].