Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
266
Лирикалык чыгармаларды интерпретациялоонун биринчи этабы –
текстти көркөм окуу. Текстти алгачкы жолу көркөм окуунун формалары:
купуя окуу; топ менен окуу; жеке окуу. Чыгыш поэзиясынан 7-класста
лирикалык чыгарманы интерпретациялоону конкреттүү мисалда карап
көрөлү. Бул класста Н.Хикметтин «Мажүрүм тал» деген ыры окутулат.
Текстти
интерпретациялоодо
бул
чыгармага
лингвистикалык
комментарийлөө зарыл. Себеби, биринчиден, көркөм чыгарманын жаңы,
анын «биринчи элементи» – тил. Сөз, тилсиз чыгарма жаралбайт,
ошондуктан адабиятты сөз өнөрү дейбиз. Демек, сөз өнөрүн үйрөнүү сөздү
үйрөнүүдөн башталат. Экинчиден, сөздүн белгисиз жактары сөз устаттары
– акын-жазуучулар тарабынан кайра иштелгенде, мурда байкалбаган
жактары байкалып, кереметтүү кубулуп чыга келет.
«Мажүрүм талда» Түркиядагы каардуу, оор турмуш көрсөтүлүп, өз
элинин боштондугу үчүн күрөшкөн жаш жоокердин образын кайталангыс
боёктор менен тарткан. Майдан талаасында жаш жоокерге ок тийип,
канатынан ок тийген кушка окшоп атынан кулады. Курбулары батышка
чабуул жасап баратышат. Жаш жоокер алардан жардам сураган жок. Ал
жолдошторун, алардын аттарынын туяктарын арман менен карап, узатып
кала берди. Мында ак иши үчүн шейит болгон өлүмгө ыраазычылык да,
жек көрүү да бар:
Өлүп бараткан жигиттин телмире тиктеген армандуу көзүнөн
умтулганына умсунуп жетпей калган өкүнүч байкалат. Аңгыча алсыраган
жаш жанга алыстап кеткен ат дүбүртү угулбай калды. Ааламга түн
пардасы тартылып, жарадар жаш жоокердин өмүрүнө да түн кирди.
Ошентип:
Согуш алааматынан жалаң эле адам эмес, табият да жабыр тарткан.
Жарадар жаш жигит пааналаган мажүрүм талдын да айрым бутактары
кылычка тонолгон. Бирок жашоо токтоп калбайт, мына мажүрүм тал да
аман калган чуудаланган шактарын сууга малып, кайрадан назданып чыга
келди. Анан кайрадан эми эле асман чапчыган албуут атын ойнотуп,
жалын бүрккөн жаш жоокердин көз ирмемде жалп этип өчкөн өмүрүн
Oliy va o‘rta ta’lim tizimida pedagogik – psixologik muammolarning zamonaviy yechimlari
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
267
сактап калчудай, жигиттин бетине адамды суктандырган ашкан сулуу
күмүш саамайын төгүп, мажүрүм тал ыйлап турат:
Муң аралаш ачуу арман айтылган бул ырды окуганда чын эле
мажүрүм талга кошулуп ыйлагың келет. Чыгарманын кайгылуу бүткөнүнө
карабастан, анда акындын келечектеги жарык турмуш жөнүндөгү жаркын
үмүт-тилеги берилген. Теңдешсиз айкашта жоокер жаш жанын кыйды,
анткен менен тээ кылк-кылк этип кызарып күн баткан жакка чабуул коюп
бараткан кызыл атчандар өлгөн жигиттин өмүрүн улайт, ал умсунуп ала
албаганга жетип, ал аткара албаган иштерди аткарат, ак көбүк ат жалына
өбөктөп, айгай салып, ак аскерди кубалап, кылычтарын алардын
баштарына ойнотот.
Поэмага тете маани-мазмун камтылган бул чакан ырда кызыл
атчандардын, капыстан ок жаңылып көз жумган жаш жоокердин, мажүрүм
талдын жана башка адамдар менен табияттын образдары да өтө бир
элестүү, символикалуу берилген. Ал эми ырдын интонациясы, муң, арман
аралаш келечектен үмүттөндүргөн оптимисттик доошу, бир караганда
комсоо көрүнгөн менен кыраатына келтирип окуй келгенде, жүрөк
титиретип өзүнө тартып ала койгон көркөмдүк касиети Н.Хикметтин улуу
акындык сапатын айгинелей алат.
Адабий чыгарманы түшүндүрүү – татаал процесс. Мугалимдер текст
менен иштөөдө этаптарга бөлүштүрүп окутса оптималдуу болот. Биз бул
багытта окумуштуу-методист А.Ж.Муратовдун сунуш кылган этаптарын
ыңгайлуу деп эсептейбиз. «Биринчи этап: Чыгармачылык менен окуу
методу. Методдун маңызы – чыгарманы көркөм дөөлөт катары кабылдоого
окуучуну даярдоо. Методдун пайдалуулугу – окуучулардын көркөм
кабылдоосун өстүрүп, эмоциясын ойготот, сөздү угуу, түшүнүү
көндүмдөрүн калыптайт, лексикалык корун жогорулатат, стилдик жактан
жаңы нерселерди үйрөнөт.
Чыгармачылык менен окуунун методдору: 1) Мугалимдин кириш
сөзү окурмандык кабылдоону көтөрүүгө көмөктөшөт. 2) Көркөм окуу –
окулган текстти кабылдоого жана анын негизинде ой жүгүртүүгө шарт
түзөт, автордук позицияны аныктоого жана чыгарманы түшүнүүгө жол
ачат. 3)Эркин сукбатташуу – текстти талдоодо сабактан кийинки этабы
|