Современные решения проблем системы высшего, среднего образования и их решения
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
262
бир жактуулукту жоюу, башкача айтканда, кыргыз элинин адабий-эстетикалык көз
карашындагы көп түрдүүлүктө чектөө орун алган окутуу мамилесинен баш
тартуу, өз элинин гана адабий мурастарын окутуу менен чектелбестен, чет элдик
адабиятты окуп, андагы мыкты сүрөткерлердин, мыкты акын-жазуучулардын
өмүрү, чыгармачылыгын окуп-түшүнүп, өздөштүрүү аркылуу окуучуларды
турмуш чындыгын туя билип, алган билимдерин өз турмушуна колдонууга,
адабий чыгармаларга туура баа берүүгө негиз болуп бере алат. Мында боордош
түрк элинин мыкты акыны Назым Хикметтин, татарлардын белгилүү акыны Муса
Жалилдин, аварлардын ардактуу акыны Расул Гамзатовдордун чыгармаларын
окуп-үйрөнүү аркылуу кыргыз элинин келечеги болгон жаш муундарды эгемендүү
Кыргызстандын желегин желбиретип, бийик көтөргөн, элинин эртеңки, келечеги
үчүн күйүп-жанган мекенчил жаштардан болууга тарбиялоо зарылдыгы келип
чыгууда.