Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish
bet181/312
Sana22.05.2024
Hajmi6,64 Mb.
#249488
1   ...   177   178   179   180   181   182   183   184   ...   312
Bog'liq
3 tom

Чаувай сымап кени 
– Баткен областынын Кадамжай районунун 
Уч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Чаувай айылында Борду тоо 
кыркасынын күңгөй бетинде орун алган. Анын ачылыш тарыхы боюнча 3 
– жолу ачылып өз ишмердүүлүгүн улантууда. Азыркы учурда Кытай Эл 
Республикасынан инвестор тартылып, фабрика курулган ОсОО «Чаувай-
Кен». 
Сымаптын буусу өтө уулуу жана оор ууланууну пайда кылат. Сымап 
атмосферага өнөр жайлар иштей элек мезгилде, жаратылыш булактарынан 
негизинен эмиссия жолу менен түшүп турган. Эмиссия–бул айлана – 
чөйрөгө бөлүнүп чыгарылган таштандылар менен калдыктар. Башкача 
айтканда сымаптын буулануу температурасы кадимки 18
0
С туура 


Песпективы развития фундаментальных наук 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
358
келгендиктен бууланган сымап эмиссия болуп саналат. Өнөр жайлар 
иштегенден баштап, (1850-ж. жак.) атмосферадагы сымаптын кармалышы 
2-4 эсе көбөйдү [20]. 
Бизди курчаган чөйрөгө сымап жана башка булгоочу заттар сымап 
өндүрүүчү өндүрүштүн кайсы бир этабында түшүшү мүмкүн. Чаувай кен 
массивини иштетип жаткан мезгилде да, азыр да экологиялык отчеттердо 
маалыматтарды ачык бербейт. Коомчулук Чаувайдагы атмосферадагы, 
топурактагы, суудагы өлчөөлөрдө, булгоочу заттар жөнүндөгү 
маалыматтарды ушул мезгилге чейин билишпейт. Негизинен сымаптын 
чен өлчөм концентрациясын абада - 0,0003 мг/м
3
, сууда – 0,0005 мг/дм
3

топуракта 2,1 мг/кг деп кабыл алышса, изилдөөлөрдө бул көрсөткүчтөр 
менен салыштырсак эселеп көп көрсөттү. 
Кызыл-Кыя 
ооруканасынын 
оорулар 
боюнча 
2015-жылкы 
маалыматына таянсак: 

Бөлүп чыгаруу системасы – 14,2% (149 киши) 

Жүрөк кан тамыр системасы – 9,2% (96 киши) 

Дем алуу системасы – 8,8% (92 киши) 

Тамак сиңирүү системасы – 6,8% (71 киши) 

Эндокриндик системасы – 12,2% (127 киши) 
Ооругандардын ичинен өлгөндөрдүн негизги себеби болуп жүрөк 
кан тамыр системасы жана эндокриндик оорулар негизги ролду ойнойт. 
Тоолуу Чаувайда эл чачыранды жайгашкандыгына карабастан, кенди 
казып алууда территориясынын көп бөлүгүнө антропогендик күчтүн терс 
таасири тийип, табигый жаратылыштык геосистеманын абалыны начар 
жакка өзгөрткөн. Кендин калдыктары бир эле адам баласы эмес, ошол 
чөлкөмдө өскөн өсүмдүктөргө жана жашаган жаныбарлардын организмине 
терс таасирин тийгизип, кайталангыс өзгөрүүлөрдү пайда кылып 
жаткандыгы жөнүндө ойлор пайда болду. Адам баласы жашаган 
чөйрөсүндөгү абанын, суунун, топурактын булганышы аң сезимдүү түрдө 
тынбай жүргүзүлүп, аны жакшы жакка өзгөртүү үчүн ийгиликтүү иш чара 


Fundamental fanlarni rivojlantirish istiqbollari
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
359
уюштурулбай жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Организмге терс таасирин 
тийгизген химиялык заттар: сымап жана анын түрдүү кошулмалары, түрдүү 
чаңдар жаныбарлар жана адамдын дем алуу органдарынын көптөгөн 
ооруларын жана түрдүү аллергиялык көрүнүштөрдү пайда кылгандыгы 
статистикадан көрүнүп турат. Техногендик факторлордун таасири өзүбүз 
жашаган Чаувай өндүрүштүк аймактарда да даана байкалат. Чаувай сымап 
фабрикасындагы өндүрүштүн жүрүшүндө бир эле алынып жаткан 
сымаптын организмге тийгизген таасиринен башка, аны өндүрүү 
жолундагы түрдүү колдонгон химикаттардын калдыгы, алардын ачык 
асман астында жатышы, жердин, топурактын, абанын жана агып жаткан 
суулардын курамында жүрүшү ал аймакта жашаган тирүү организмге 
түрдүү терс көрүнүштөрдү пайда кылып жаткандыгы менен байланышат. 
Заводдун чегинен агып чыккан арыкчалар аркылуу агып жаткан ууланган 
суулар топтолуп барып айылдын жыш жашаган элинин эшиктеринен агып 
өтүп, андан ары айылдан кийинки чакан айылдарга чейин жеткендиги 
белгилүү болду. Ал суулардан адамдан башка түрдүү жаныбарлар ичип, 
анын боюнда өскөн чөп өсүмдүктөрү менен тамактанышат. Агып жаткан 
суулардын топтому майда көлчөктөргө жайылат, көлмөлөрдүн айланасы 
камышзарларга айланып калган. Көлмөлөрдө сууда жашоочу жаныбарлар 
жана алар таштаган икралар айрыкча амфибиялар көнөк баштары жашап 
келет. Чаувай фабрикадан чыккан суулар труба аркылуу №27 штольняга 
ташталган. Фабриканын инженеринин айтымында жер кыртышынан өтүп 
суу тазаланып чыгат деп түшүндүрдү. Тазаланган суулары канчалык 
тазаланганы белгисиз эле, ошол тегеректе үй шартында пайдаланууга 
алынган. Байытуучу фабрикадагы бул көрүнүш бир топ жылдардан бери 
кайталанып жүргөндүгү белгилүү. Бирок, мамлекеттик органдар аркылуу 
эч кандай чара көрүлбөйт. Кен массивинин калдыктарында сымаптын 
калдыктары, мышьяк, сурьма бар. Бул элементтердин ичинен сымап жана 
анын туздары чектен жогору болгондуктан, организмдер үчүн уулуу 
экендиги белгилүү. Анын органикалык бирикмелери да аз изилденген. 
Жергиликтүү экологдор, химиктер, мамлекеттик эмес экологиялык 
фонддор өндүрүштүн өнүгүшүнө каршы эмес. Биздин бир гана сунушубуз 


Песпективы развития фундаментальных наук 
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и 
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г. 
360
- өндүрүштөр терең экологиялык экпертизадан өтсө, коопсуздук 
техникасын сактаса, чөйрөнү тазалоочу техникалык каражаттар курулса, 
зыяндуулукту азайтса болот. Сууну, биз дем алып жаткан абаны 
(атмосфераны), территорияларды, ар кандай өндүрүүчү ишканаларды, 
жаратылышты булгоочу химиялык уулуу заттардын ичинен сымап өзгөчө 
орунду ээлейт. Бардык өлкөлөрдө сымап уулуу, булгоочу элементтердин 
тизмегинде 1- класстагы коркунучтуу заттарга кирет. Сымаптын адамга 
тийгизген таасири негизинен аба, тамак аш азыктары, ичүүчү суу аркылуу 
болот. Тери аркылуу же булганган сууга жуунуу да ууландырышы мүмкүн. 
Сымап өтө уулуу зат. Мындан сырткары сымап ар кандай конструкциялык 
материалдарга мамилеси агресивдүү келет. Ал коррозияга алып келет 
жана ар кандай турмуштук, өндүрүүчү, транспорттук объектилердин 
кыйратат. Экосистеманын сымап жана анын кошулмалары менен 
булганышын, ар түрдүү чөйрөдө (cууда, топуракта, жаныбарлардын жана 
өсүмдүктөрдүн организминде) таралышын жана сымап жана анын 
кошулмаларынын экологияга тийгизген таасирин аныктоо менен ага 
тиешелүү профилактикалык чараларды көрүү – иштин негизги максаты (1- 
табл.). 

Download 6,64 Mb.
1   ...   177   178   179   180   181   182   183   184   ...   312




Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish

Bosh sahifa
Aloqalar

    Bosh sahifa



Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и цифровых технологий и их инновационных решений», татуфф, Фергана, 4 мая 2023 г

Download 6,64 Mb.
Pdf ko'rish