Песпективы развития фундаментальных наук
Международная научно-техническая конференция «Практическое применение технических и
цифровых технологий и их инновационных решений», ТАТУФФ, Фергана, 4 мая 2023 г.
356
V SHO‘BA
FUNDAMENTAL FANLARNI RIVOJLANTIRISH
ISTIQBOLLARI
ИЗУЧЕНИЕ И МОНИТОРИНГ ВОЗДЕЙСТВИЯ НА
ОКРУЖАЮЩУЮ СРЕДУ ОТХОДОВ РУДНОГО МАССИВА
ЧАУВАЙ
Самиева Ж.Т., Абдибаитова А.А., Журсунбек кызы С.
Айлана чөйрө үчүн коркунучтуу калдыктардын катарына
мурдагы Чаувай заводунун чыгындылары, Рудник (5 га), металлургиялык
шлактар – күйгөн калдыктар (Чилтанда 3 га), Чат-Мазарда 46,5 га (азыркы
күндө - ОсОО “Чаувай-Кен”) кирет. Кыргызстандын аймагында негизинен
сымап, сурьма, алтын жана баалуу металлдардын кендери өнөр жайлык
мааниге ээ [6].
Чаувай кен массивинин калдыктарынын курамын аныктап, анын
курамындагы экологияга уу таасирин тийгизген затты изилдөө учурдун
талабы. Алардын ичинен чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү негизги
фактор болуп, калдыктар эсептелинет [1,7].
Белгилеп кетсек, ушул мезгилге чейин Чаувай кен массивинин
калдыктарынын заттык курамы, айлана-чөйрөгө жана кишинин ден
соолугуна терс таасирин заттарга атайын изилдөө жүргүзүлгөн эмес,
ошондуктан, бул темада изилдөө актуалдуу.